Баткен шаары жөнүндө
Баткен шаары 2000-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын февраль айына чейин райондук баш ийүүдөгү шаар болуп турган. Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №247 сандуу мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтому менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана саны бекитилген.
Баткен шаарынын административдик чектеш жактары: түндүк жагынан Карабак айыл өкмөтү, түштүк жагынан Суу-Башы айыл өкмөтү, чыгыш жагынан Алтын-Бешик айыл өкмөтү, батыш жагынан Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен. Ал эми шаардын Дөгмөн жайлоосу Тажикстан Республикасы менен чектешет.
Бүгүн күндө Баткен шаарынын жалпы аянты 43484 гектарды түзөт. Туруктуу калкынын саны 01.01.2025-ж. карата: Баткен шаары - 36852 адам.