01.06.2024
Кароолор: (34)
1-ИЮНЬ “ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ”

Баткен шаарындагы белгиленген майрамдык иш чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов катышып, шаардагы жаш балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов “Бүгүнкү майрам- бул жыл ичиндеги майрамдардан өзгөчө майрам, өзгөчө күн. Анткени, бул күн- келечектин ээлери, заманыбыздын эртеңи болгон жаш муундарга, балдарга, бөбөктөргө өзгөчө көңүл буруп, назар сала турган, улуулардын балдардын алдындагы жоопкерчилигин дагы бир жолу баса белгилей турган күн.
Ырас, балдар- биздин жаркын келечегибиз. Дал ошол жаркын келечекке, эртеңки күнүбүз биз, улуулар, тынымсыз кам көрүүгө милдеткербиз.
Балдардын бактысы, ден соолугу, билим алуусу жана коомдун керегине жараган эң мыкты инсан болуп тарбияланышы биздин иш-аракетибизге байланыштуу.
Эгерде биз балдарга жакшы көңүл бөлсөк, мыкты билим –тарбия берсек, келечекте ошонун үзүрүн көрөбүз.”-деди калаа башчысы.
Баткен шаарындагы 6 бала бакчанын жетекчилерине балдарга ылайыктуу майрамдык белек тапшырылды.
Майрамдын жүрүшүндө сахнада бакчаларда тарбияланып жаткан таланттуу балдардын өнөрү тартууланды. Ошондой эле жерге сүрөт тартуу боюнча сынак жарыяланды ага мэр Имамназар Бурканов өзү барып, балдардын тарткан сүрөттөрүнүн маанисин сурап, балдарды майрамы менен куттуктады.
Ошондой эле Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан 12 жашка чейинки Баткен шаарындагы балдар арасында спорттун футбол түрү боюнча мелдеши уюштурулду.
Бүгүнкү майрамдык иш чарада жеке ишкерлер тарабынан балдарга миңден ашуун акысыз балмуздак таркатылды.
Эске сала кетсек «Эл аралык балдарды коргоо күн» жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет, тагыраак айтканда 1-июнь күнү. Бул майрам 1949-жылы ноябрь айында Франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулган.