11.02.2025

Кароолор: (4)

1-МАРТКА ЧЕЙИН АР ИШЕМБИ КҮНҮ ТАЗАЛЫК ИШ ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

Баткен шаарынын аймагында жайгашкан мекеме ишканалар, менчигинин түрүнө карабастан шаардын тазалыгы үчүн 1-мартка чейин ар ишемби күнү ишембиликке чыгуусу керек.

Ошондой эле Баткен шаарынын мэриясы тарабынан шаардагы мамлекеттик ишканалар жана дүкөндөр, коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине тазалыкты сактоо тууралуу эскертүүлөр берилди.

Эскертүүлөр аткарылбаса мыйзам чегинде 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин айып пул салынат.