01.10.2024
Кароолор: (12)
1-ОКТЯБРЬ – КАРЫЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ МЕНЕН БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ АРДАГЕРЛЕРДЕН МЭР КАБАР АЛЫП, КУТТУКТАДЫ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов Баткен шаарындагы тылда эмгектенген Жаанбай Жороев жана Мамат Сыдыковдордун үйүнө барып, майрамдык белек берип, аларга ден соолук тиледи. Төрдүн көркү болуп, бакубат жошоо кечиришин каалады.
Азыркы күндө Жаанбай Жороев 93 жаш курагында ал эми Мамат Сыдыков 92 жашка чыгышкан.
Баткен шаарынын мэри менен кошо шаардыгы мекеме ишканалардын жетекчилери да кошо барып, бүгүнкү майрамы менен куттуктап, белектерин беришти.
Шаар аймагында 80-90 жаштан ашкан жалпы карыялардын саны 144.
Башка карыялардан да мэриянын кызматкерлери, мекеме ишканалардын жетекчилери кабар алып, бүгүнкү майрам менен куттукташты.