26.07.2024
Кароолор: (6)
100 ГЕКТАРДАН АШУУН АЙЫЛ ЧАРБА БАГЫТЫНДАГЫ ЖЕРГЕ КАМ КӨРҮЛҮҮДӨ

Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймагында 5 чакырымдан ашуун жер астынан сызылып чыккан суунун нугу тазаланууда.
Бул иш-чара көп жылдан бери тазаланбаган суунун нугуна багытталган.
Аткарылып жаткан иш 100 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жердин кыртышын сактоо жана 500 дөн ашуун жеке турак үйлөрдү нымдан сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө 5 чакырымдан ашуун жер тазаланды, алдыда дагы 5 километр суу нугун тазалоо иши жүрүүдө.