15.11.2024
Кароолор: (9)
17-НОЯБРЬ - АРА ТӨРӨЛГӨН БАЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

Бул датага байланыштуу жыл сайын Баткен облустук Биргелешкен ооруканасында ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балдарды жана алардын ата-энесин колдоо, коргоо максатында атайын иш-чара өткөрүлүпүп келет.
Бул жылы өткөрүлгөн саамалык Баткен шаарынын мэриясынын социалдык- маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев ооруукана жетекчилиги, ак халатчандар жана энелердин катышуусунда белгиленди.
Келечек ээлери болгон балдарды ымыркай кезинен бапестеп багып, тарбиялоо бүгүнкүнүн парзы экендиги баарына маалым. Мындан улам эне балага татыктуу кам көрүү зарыл.
Иш-чаранын алкагында мед айымдар флешмоп бийлеп жакшы маанай тартуулашты. соңунда Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун демилгеси менен мэрия тарабынан бөбөктөргө жана энерлерге арналаган белектер тапшырылды.
Эске сала кетсек ара төрөлгөн балдардын эл аралык күнү 2009-жылдан бери белгиленип келет.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жылына 10-12 миң бөбөк ара төрөлөт.