17.11.2024

Кароолор: (6)

17-НОЯБРЬ – ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ШАЙЛОО КҮНҮ

Бүгүн 17-ноябрь – Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону Баткен шаарындагы №8074 шайлоо участкасында Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, шайлоо коммиссиясы, укук коргоо органдары жана шайлоочулардын катышуусунда эрте мененки саат 8:00 дө расмий түрдө ачылышы болду.

Мэр Имамназар Бурканов алгачкылардан болуп жарандык милдетин аткарып, добушун берди.

Баткен шаарында жергиликтүү кеңештерге беш саясий партия ат салышууда.

Шаарда жалпысынан 10 шайлоо участкасы бар. Ал эми 11-шайлоо участкасы аралыктан шайлоого жарандарга шарт түзүлгөн.

Баткен шаарында расмий түрдө 19 миң 772 шайлоочу катталган.