23.09.2024
Кароолор: (19)
23-СЕНТЯБРЬ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ

Кыргыз тили – эгемендүү эркин мамлекетибизде элибиздин эркиндигин айгинелеген мамлекеттик тили. Бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен Баткен шаарынын тургундарын жана конокторун куттуктаймын!
Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон мамлекеттик тил майрамы – бул, улуттук майрам. Мамлекеттик тил – мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.
Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал, кылымдан кылым ашып, эне тилибизде оозеки түрдө жаралган “Манас” эпосу аркылуу ата-бабадан урпактарга жетти. “Эне тили болбой, эл болбойт” дегендей, мына ушунун өзү эле эне тилибиздин ыйыктыгын, өлбөс-өчпөстүгүн, улуулугун, кадыр-баркын билдирет.
Эне тилибиз эне сүтүбүздөй таза, ширин болуп, чечендин таңдайын сайратып, баатырдын маңдайын жаркытсын, өсүп-өнүгүп, өмүрү узун, өрүшү жайык болсун, биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары көөнөрбөй көкөлөп, кылымдарды бойлой берсин!
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекетти курууга орчундуу кадам жасаган.
Баткен шаарынын мэри
Имамназар Бурканов