15.10.2024
Кароолор: (5)
25 ЖЫЛДЫККА КАРАТА ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН СЫЙЛЫГЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн 15-октябрда Баткен облусунун соцалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, кызматтык милдеттерин мыкты аткарып жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн “Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына” карата сыйлоо өткөрүлдү.
25 жылдыкка карата КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” төш белгиси менен Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов сыйланды.
Баткен облусунун соцалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, кызматтык милдеттерин мыкты аткарып жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн КРнын Президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн “Ардак грамотасы” менен Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалиев сыйланды.
Ошондой эле “Ардак грамота” менен Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин жетектөөчү адиси Келечек аймактык башкармалыгынын башчысы Абдимиталип Бурканов, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен автобаза” муниципалдык ишканасынын айдоочусу Абдулла Кадыров жана Баткен шаарындагы “Өрүкзар” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кароолчусу Нишанбай Матисаевдер сыйланышты.
КРнын Перезидентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Алкыш барагы” менен Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин жетектөөчү адиси Айзирек Примберди кызы сыйланды.