28.04.2024
Кароолор: (12)
28-АПРЕЛЬ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА БИР МАНДАТТУУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО КҮНҮ

№2-Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатыгына талапкерлерди шайлоону Баткен шаарындагы №8074 шайлоо участкасында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, шайлоо коммиссиясы, укук коргоо органдары жана шайлоочулардын катышуусунда эрте менеки саат 8:00 дө расмий түрдө ачылышы болду.
Мэр Имамназар Бурканов алгачкылардан болуп жарандык милдетин аткарып, добушун берди.
№2-Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 талапкер катышууда.
Баткен шаарында жалпысынан 10 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ал эми расмий түрдө шаарда 18 миң 314 шайлоочу катталган.