05.05.2024

Кароолор: (20)

5-МАЙ КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун куттуктоосу.

“Урматтуу Баткен шаарынын тургундары, жалпы эле кыргызстандыктар бүгүнкү 5-май КРнын Конституция өлкөнүн баш мыйзамын кабыл алган күнү менен куттуктаймын!

Кыргызстан өз алдынчалуулукка жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынып, бул күн коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгына быйыл 31 жыл толду. Баш мыйзам өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөн өлкөбүздүн ыйык белгиси. Кыргыз Республикасынын герби, туусу, мамлекеттик гимни, улуттук валютасы Конституция менен бекитилген.

Эгемен өлкөбүз гүлдөп өссүн! Баткен шаарыбыз алдыңкы шаарлардын катарын толуктап, элибизде тынчтык, аманчылык өкүм сүрсүн”

Баткен шаарынын мэри

Имамназар Бурканов