06.11.2024
Кароолор: (7)
7-НОЯБРЬ МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КҮНҮ

Бүгүн 6-ноябрда Кыргыз журналистикасына 100 жыл, Баткен таңы облустук гезитинин 25 жылдыгы белгиленди.
Иш чарага Президенттин Баткен облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, мекеме ишкана жетекчилери журналистерди куттуктап, ардак грамоталарды жана юбилейлик медалдарды тапшырышты.
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов:- “Урматтуу журналисттер, Сиздер-коомдун тарыхын жазуучусуздар. Сиздер коомчулукту маалыматтар жана кабарлар менен өз убагында камсыз кылып эле тим болбостон идеологиялык, экономикалык, маданий жана саясий таасир тийгизүү менен өз салымыңыздарды кошуп келесиздер. Кыргыз журналистикасына 100 жыл жана Баткен таңы гезитинин 25 жылдыгы менен куттуктаймын”-деди.
Журналистерге мэриянын сыйлыктары тапшырылгандан соң, Баткен-Таңы гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановго “Баткен таңы гезитине 25 жыл” юбилейлик медалын тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.
Эске сала кетсек 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү. Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет.