06.03.2025
Кароолор: (8)
8-МАРТ МАЙРАМЫНА КАРАТА СПОРТТУК ИШ ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ.

Кечээ 6-март күнү Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Баткен шаарындагы кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү.
Жалпы байге фонду 28 миң сом. 11 команда ат салышып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык, ал эми биринчини камсыз кылган команда акча жана кубок менен сыйланышты.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев катышып, айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады.