08.05.2024

Кароолор: (12)

9-МАЙ УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮ

“Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктаймын!

Бул күн майрам катары тарыхта ташка тамга баскандай түбөлүккө сакталып, кала берээри баарыбызга маалым.

Мындан 79 жыл мурда бул жеңишти чоң аталарыбыз миңдеген чакырымдар алыста, фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу согушта, чексиз азаптарды, көптөгөн жоготууларды алтын баштарынан кечирүү менен бизге тартуулашкан.

Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, курал жарак жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүшкөн.

Баткен шаары жана райондун аймагынан согушка 4 миңдей жоокер аттанган болсо ошонун 3028и кан майданда баатырларча курман болушкан. Ал эми согуштан аман келген 972 си тилекке каршы жылдан жылга ардагерлерибиз акка моюн сунуп, азыркы күндө арабызда эч кимиси жок.

Ошол кан күйгөн согушта жоокерлерди жана элди азык түлүк менен камсыз кылып, оор шартта оорукта эмкектенген көптөгөн чоң ата, чоң энелерибиз өтүп кетти. Азыркы күндө Баткен шаарында Жаанбай Жороев жана Мамыт Садыков чоң аталарыбыз бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатат.

9-май Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү!

Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталуу бойдон кала берет. Биз сиздер тартуулаган жаркын жашоону урпактарга татыктуу өткөрүүгө милдеттүүбүз”

Баткен шаарынын мэри

Имамназар Бурканов