09.05.2024
Кароолор: (40)
9-МАЙГА КАРАТА СПОРТТУК ОЮН ӨТКӨРҮЛДҮ
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдык майрамына карата Баткен шаарында майрамдык салтанаттан сырткары спорттук оюн уюштурулду.
Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан 9-май Улуу Жеништин 79 жылдыгына карата спорттун кол күрөш, таяк тартыш, таш көтөрүү жана шахмат боюнча Баткен шаарынын ачык биринчилиги уюштурулду.
Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.





