24.05.2024

Кароолор: (21)

"Тамга" негизги жалпы билим берүү мектебинде 17 окуучу Кадамжай "Семетей" лицейине өттү

Бүгүн 24-майда Баткен шаарындагы "Тамга" негизги жалпы билим берүү мектеби быйылкы окуу жылын жыйынтыктады. Ага Баткен шаарынын мэриясынынын социалдык жана маданий секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.

"Тамга" негизги жалпы билим берүү мектеби быйылкы окуу жылын жыйынтыктап жатып төмөнкү окуучулары башка мыкты деген окуу мекемелерине өткөн. Кадамжай "Семетей" лицейине 17, Курманжан Датка лицейине 7, Облустук ички гимназия мектебине 8, Ыйман гимназиясына 8, Сема Кэмбридж лицейине 4, Айчүрөк лицейине 1 окуучу ийгиликтүү өттү. Алардын ичинен Абдуллакимова Аяна Курманжан датка лицейине 50%, Мажитов Абдуллах Сема Кэмбридж лицейине 25%, Камбаров Эрали, Өктөмбеков Саид 10% жеңилдик алышты.

ЗЭЭН — 2. Олимпиадасына 21 окуучу катышып, 5 окуучу 1-2-3-орунду алышкан.

Баткен шаарындагы "Тамга" негизги жалпы билим берүү мектеби жеке менчик. Ишмердүүлүгүн 2016-жылдан бери улантып келет. Алгач тарых илимдеринин кандидаты, профессор Абдинаби Кадыровдун демилгеси менен ачылган. Азыркы учурда мектепти Санжарбек Абдинаби уулу жетектейт.