13.05.2024
Кароолор: (9)
АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛДУ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыктоочу Акыркы коңгуроо салтанатын жогорку деңгээлде, өткөрүү жөнүндө буйругу чыккан.
Ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында “Бүтүрүүчү-2024” кечелерин күндүз жана кечкисин ресторан-кафелерде, шаардан сырткары аймактарда (жайлоо ж.б) өткөрүүгө тыюу салынсын.
2024-жылдын 25-майынан 2024-жылдын 25-июнуна чейин шаардын борборундагы базарларда, автобекеттерде, оюн-зоок өткөрүлүүчү эс алуучу жайларда жана калк көп топтолгон жерлерде кайгуул күзөт уюштуруу жагы жана жол коопсуздугунун эрежелерин сактоо максатында бүтүрүүчүлөрдүн жана юбилярлардын автоунаалар менен колонналап жүрүүсүнө тыюу салуу жана аталган иш-чаралар боюнча рейддерди уюштуруу жагы шаардык ички иштер бөлүмүнө жана шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Орто жана атайын орто окуу жайларында 2024-жылдын 25-майында Акыркы коңгуроо салтанаты шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана ата-энелеринин катышуусунда өткөрүлсүн.
Бүгүн 13-майда Баткен шаарынын мэринин буйругун аткаруу максатында Баткен шаарынын мэриясында 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыктоочу Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү жөнүндө жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов, Баткен ШИИБнүн башчысы, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана мектеп директорлору катышты.
Негизги маселе 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыктоочу Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүүдө коопсуздук чараларын тыкыр көзөмөл жүргүзүү жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болду.