08.10.2024
Кароолор: (5)
АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮҢҮЗ!

Бүгүн 8-октябрь күнү, Баткен шаарынын Булак-Башы аймагынын жашоочуларынын саламаттыгы текшерилди.
Мобилдик дарыгерлер аймактын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит, ВИЧ ооруларын акысыз текшеришти. Ошондой эле жашоочулар УЗИ аркылуу дарт аныктоодон өтүштү.
Баткен облустук спидке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун директору Авазбек Балтабаев:
- “Калк арасында акысыз медициналык кароону жыл башынан бери облус аймагындагы айылдарда өткөрүп келебиз. Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит, ВИЧ жана башка инфекциялык ооруларды аныктап, дарылоо жагын колго алабыз. Тилекке каршы аталаган ооруу менен ооруган адамдардын саны Кыргызстан боюнча алганда Баткен облусу алдынкы катарда турат. Эл арасында бул дартты аныктап, алдын алууга аракетибизди көрүп жатабыз”, - деди.
Бул акысыз медициналык кароо Баткен шаарынын башка аймактарында уланат.