26.06.2024
Кароолор: (4)
АЛГАЧ МАМЛЕКТТИК ТИЛДЕ ЖАЗЫЛУУСУ ШАРТ

Баткен шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардагы аталыштарда жана көрүнөө маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери жүргүзүлдү
Баткен шаарында жайгашкан ашканалардын, кафе-ресторандардын сырткы аталыштарын, жарнамаларын жана ичиндеги көрүнөө маалыматтарды, тамак-аш аталыштарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Баткен шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан мындай иштер улантылмакчы.