06.04.2024
Кароолор: (13)
АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ

Быйыл 7-апрель окуясынын 14 жылдыгы Баткен шаарында белгиленип, Апрель элдик революциясында курман болгондор эскерилди.
Эскерүү иш чарага Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Апрель элдик революциясы 2010-жылы 7-апрелде эл бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы чыккан, анда 80 ден ашуун адам курман болгон.
Жогорку Кеӊеш 2016-жылы 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алган.