08.03.2024

Кароолор: (14)

Ардактуу апалар, ак элечек энелер! Кымбаттуу эже, карындаштар!

Баарыңыздарды жадыраган жаз майрамы, 8-март - аялдардын Эл аралык күнү менен Баткен шаарынын мэриясынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Жаз менен кошо кирип келген бул майрам күнүн баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Анткени бул күн дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун мазмунун, маани-маңызын арттырган, өчпөс коломто ээси, улуттун улуу көчүн улаган, сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн улуу күчүн, жылуулугун тартуулаган энелерибиздин, эже- карындаштарыбыздын, кыздарыбыздын майрамы.

Андыктан ардактуу апалар! Урматтуу асылзаада айымдар!

Сиздер адам баласынын урпагын улаган, жашоонун туткасын кармаган эбегейсиз күчкө ээ экендигиңиздерди белгилеп өткүм келет.

Энелерибиздин терметкен бешиги ааламды тынчтыкка, мээримге бөлөсө, эже-карындаштарыбыздын, кыздарыбыздын жылмайганы ааламга нурун чачып, дүйнөнү гүлгө, көрккө жана шаңга бөлөйт. Кыргыз кыздары

мекенибиздин ар бир тармактарында өздөрүнүнүн эмгектери жана аракеттери менен ийгиликтерди жаратып келет.

Элибизде “Бейиш эненин таманында, аял үйдүн куту, кыздын кырк чачы улуу”-деп асылзаада айымдардын аруулугун, мээримдүүлүгүн, тунуктугун, эненин ыйыктыгын даңазалашкан.

Биз сиздерге, ардактуу апалар, мээримдүү энелер, жашоонун жарыгы, үйдүн куту болгон аялзатынын эбегейсиз эмгегине дагы бир жолу таазим кылабыз!

Бүгүнкү кереметтүү жаз күнүндө ар бир аялзатына бакыт-таалай, бакубат жашоо, бактылуу өмүр, чың ден соолук каалайм!

Ар дайым бар болуңуздар!

Үйүңүздөр күлкүгө, кубанычка, сүйүүгө, бакытка толсун!

Майрамыңыздар менен урматтуу асылзаада айымдар!

Урматым менен,

Имамназар Бурканов,

Баткен шаарынын мэри.