20.11.2024
Кароолор: (7)
АРЗАНДАТЫЛГАН КӨМҮР САТЫЛУУДА

Баткен шаарынын аймагында базар баасына салыштырмалуу арзандатылган көмүр сатылууда. Баткен шаарынын мэриясы Сүлүктү шаарындагы төрт көмүр кендери менен сүйлөшүп, калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында Баткен шаарына килограммы 8 сом 50 тыйындан алып келген.
Азыркы учурда шаарда 60 тоннадан ашуун көмүр Чет-Булак жана Кызыл-Жол аймактык башкармалыктарында сатылууда.
Калктын керектөөсүнө жараша сүйлөшүүлөрдүн негизинде арзандатылган көмүр Баткен шаарына ташылып келип жатат.