27.08.2024

Кароолор: (15)

АВГУСТ КЕҢЕШМЕСҮ ӨТТҮ

Бүгүн 27-агустта Баткен шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өткөрүлдү. Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов жана Баткен шаардык билим берүү бөлумунун башчысы Курсан Турдубаев, шаардагы мугалимдер катышты.

Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов куттуктоо сөз сүйлөп, билим берүү тармагын өнуктурүүгө, инновациялык технологияларды жайылтууга, санариптештирүүгө, заманбап, сапаттуу билим берүүдө өзгөчө үзүрлүү эмгеги үчүн мугалимдерге ардак грамота тапшырды.

Ошондой эле Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 14-августунда №288-буйругу менен Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринин материалдык, техникалык базасын чыңдоо жана 2024-2025 жаңы окуу жылына мыкты даярдалган мектепти аныктап, акчалай сыйлык менен сыйланды.

1-орунду камсыз кылган В.И.Ленин атындагы орто мектеби 20 000 сом менен, 2- орун менен №3 Айтпай Имаров атындагы Кызыл-Топу атындагы орто мектеби 15 000 сом, 3-орунду Баткен облустук гимназия жатак мектеби камсыз кылып 10 000 сом сертификаттары тапшырылды. Ошондой эле кызыктыруучу Содака Огато орто мектебине 7 000 сом сертификаты ыйгарылды.