28.03.2024
Кароолор: (10)
БААТЫРДЫН ЫСЫМЫ ӨЗҮ ЖАШАГАН КӨЧӨГӨ ЫЙГАРЫЛДЫ

Баткен шаарындагы Келечек аймактык башкармалыгындагы Тамаша-Жай -1 көчөсүнүн аты Улан Мусаев деп аталды.
Улан Мусаев 2021-жылы апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта баатырларча курман болгон.
Баатырдын атын өзү жашаган көчөгө ыйгаруу аземине Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов баштаган жергиликтүү жетекчилер, маркумдун жакындары, достору, кошналары, катышты.