09.02.2024
Кароолор: (16)
БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ШААРДАГЫ МАЛ БАЗАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

16 900,0 миң сомдук мал базар менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарым Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдер Баткен шаардык муниципалдык мал базар менен таанышышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасына ылайык Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 1,5 га жер аянтына муниципалдык мал базар курулуп, 2023-жылдын 30-декабрында пайдаланууга берилди. Долбоордун сметалык баасы 16 900,0 миң сомду түзөт. Мал базардын сыйымдуулугу 1000 баш кой-эчки, 600 ири мүйүздүү малга жана 150 жылкыга ылайыкташтырылган. Мал базардын айланасында 200 автоунаага ылайыкаштырылган унаа токтоочу жай уюштурулган.
Ошондой эле муниципалдык соода борборунун, авто бекеттин эскизи менен Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов келген конокторго маалымат берди.