11.12.2024

Кароолор: (4)

БАЛА БАКЧА ТАРБИЯЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Баткен шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына социалдык тармактарда тарап жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, балдардын коопсуздугун сактоо, мыйзамсыз акча чогултууларды болтурбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тарбиячылар менен Баткен шаарынын мэриясынын социалдык маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсанали Турдубаевдер жолугушту.

Жалпы Баткен шаарындагы Алтын-Бешик, Өрүкзар, Акжолтой, Данектай, Ак-Тилек, Мээрим-Нуру балдар бакчаларынын тарбиячылары менен жолушуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.