12.03.2025
Кароолор: (18)
БАЛДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ҮЙҮ ШААРДЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮҮ ПЛАНДАЛУУДА

Баткен шаарындагы балдар чыгармачылык үйү жайгашкан имарат Баткен шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүү пландалууда, имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Бүгүн 12-мартта Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев балдар чыгармачылык үйүнүн учурдагы абалы менен таанышып, имаратты оңдоп-түзөө жана эмеректерин жаңыртуу зарылдыгын белгиледи.
Имаратты оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен жана өкмөттүк эмес уюмдардан каражат бөлүнүп, быйыл толук ремонттолуп, пайдаланууга берилет.
Эске сала кетсек имарат азыркы учурда райондун карамагында турат.