16.07.2024
Кароолор: (5)
БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢГЕН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

"Манас таануу" интеллектуалдык таймашынын республикалык турунда Баткен областтык гимназия жатак-мектебинин жана Ж.Бөкөмбаев атындагы орто мектебинин окуучулары жеңишке жетишип, баш байгеге ээ болушкан
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов баш байгени жеңип алган окуучуларды жана мугалимдерди куттуктады. Ошондой эле сынакка катышкан эки командага 25 миң сомдон акчалай сыйлык жана аталган мектептердин эмгек жамаатына ыраазычылык кат тапшырды.
Буга чейин да Баткен шаарынын мэриясы "Нур Чолпон" жана “Керемет” тобуна Бишкек шаарына барып келүү үчүн колдоо көрсөтүп, 25 миң сомдон эки командага жалпы 50 миң сом бөлүп берген.
Баткен областтык гимназия жатак-мектебинин "Нур Чолпон" тобун даярдап, жетектеп алып барган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлсара Абдрахмановага жана Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин “Керемет” тобун даярдап, жетектеген кыргыз тили жана адабияты мугалими Сагина Абдрахмановага терең ыраазычылык билдирүү менен бекем ден соолук, бакубат өмүр, ишине ийгиликтерди каалайбыз.
"Манас таануу" интеллектуалдык таймашынын 14 жылдык тарыхында Баткен шаарынан барган эки топ биринчи жолу баш байгеге ээ болду.