13.01.2026

Кароолор: (10)

БАТКЕН ОБЛУСТУК БИРГЕЛЕШКЕН ООРУКАНАДА КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ТАЛКУУЛАНДЫ

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Баткен облустук биргелешкен ооруканага барып, мекеменин учурдагы абалы, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар жана материалдык-техникалык шарттары менен жеринде таанышып чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө мэр оорукананын имараттарынын абалы, палата жана бөлүмдөрдүн санитардык талаптарга шайкештиги, медициналык жабдуулардын жетиштүүлүгү жана дары-дармек менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин иш шарттары жана бейтаптар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр да талкууланды.

Таанышуу учурунда айрым көйгөйлүү маселелер белгиленип, аларды этап-этабы менен чечүү боюнча тиешелүү шаардык мекеме жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Шаар бийлиги саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу багытында колдоо көрсөтөрүн белгилеп, оорукана жетекчилиги менен тыгыз кызматташууга даяр экенин калаа башчысы айтты.