15.04.2024
Кароолор: (17)
«БАТКЕН ОБЛУСУНУН ФИНАНСЫ-ЭКОНОМИКАЛЫК СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫ» ТУУРАЛУУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Бүгүн 15-апрельде Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата өлкөнүн жети дубанында “Конференциялар кербени” аттуу масштабдуу иш-чаралар өтүүдө.
Конференцияда Баткен облусунун каржы-экономикалык тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде учурдагы көйгөйлөр, келечек жана өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.
Жыйынды ачып жатып, КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Баткен облусунда акыркы жылдары салык, каржылык көзөмөл жана акча жүгүртүүнү жөнгө салуу жаатында көптөгөн маанилүү кадамдар жасалганын баса белгиледи.
Жыйында Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов сөз сүйлөп, анда шаардагы инфраструктуранын келечеги жана мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Конференциянын катышуучулары туруктуу мамлекеттик финансы потенциалын жана Баткен облусунун финансы системасын өнүктүрүү перспективаларын талкуулап, каржылык-экономикалык саясаттын катышуучуларынын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бюджеттин киреше бөлүгүн эффективдүү өстүрүүнүн механизмдерин сунуштай алышты. ошондой эле аймактагы финансылык туруктуулукту жана экономикалык өнүгүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты.
Кийинки иш-чара Ош облусунда улантылат.
Белгилей кетсек, Эл аралык илимий-практикалык конференциянын резолюциясы 28-майда Бишкекте жыйынтыкталып, кабыл алынат.