26.10.2024

Кароолор: (10)

Баткен окуясына 25 жыл

Бүгүн Баткен шаарында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери жана окуянын катышуучулары катышып, курман болгондордун эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов сөз сүйлөп, окуянын Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоодогу маанисин баса белгиледи.

Баткен окуясы, анын катышуучуларынын эрдиги жана курмандыктары унутулбайт.