30.12.2023

Кароолор: (8)

БАТКЕН ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Баткен шаарынын Чет-Булак аймагына “Эмират” кайрымдуулук коомдук фонду тарабынан 10,0 чакырым аралыкка таза суу түтүктөрүн тартуу жана суу кампа куруу долбоору ишке ашты.

Бүгүн долбоор жыйынтыкталып, Чет-Булак аймагынын жашоочуларына пайдаланууга берилди. Иш чарага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, шаардык Кеңештин депутаты Замирбек Сейитказыев, “Эмират” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Долбоор Эмират кайрымдуулук коомдук фонду тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып, Баткен шаардык Кеңешинин депутаты Замирбек Сейтказыев тарабынан демилгеленип, мэр Имамназар Буркановдун колдоосу менен ишке ашырылды.

Жалпы суммасы 9,5 млн сомду түзгөн долбоорду каржылоо үчүн 5,8 млн. сом Эмират кайрымдуулук коомдук фонду тарабынан, ал эми 3,6 млн. сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Долбоордун натыйжасында Чет-Булак аймагындагы 700 кожолук таза суу менен камсыз болду.