27.03.2024

Кароолор: (21)

Баткен райондук прокуратурасынын демилгеси менен Баткен шаарынын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлер менен “Ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо” аталышында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Баткен районунун прокурору юстициянын полковниги Н.А.Курманакунов, Баткен шаарынын мэри И.А.Бурканов, Экономика жана коммерция министрлигинин Баткен районундагы башкармалыгынын башчысы, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери, Баткен шаарынын ички иштер бөлүмүнүн начальниктеринин тергөө боюнча орун басары жана тергөө бөлүмүнүн начальниги катышышты.

Жолугушууда Баткен районунун прокурорунун улук жардамчысы Н.Саттаров тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-жылдагы 3 сандуу “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы 388 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобо”, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы 1 сандуу “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө Жарлыгы ”Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2024-жылдын 23-январындагы 2-К сандуу жана ишкердик субъекттеринин укугун коргоо жаатындагы укуктук-ченемдик актылар боюнча баяндама окулуп, түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн Жарлыгын аткаруу максатында «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо» Автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыгып, 2023-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштагандыгы билдирилип, бул тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Ошондой эле, жалпы ишкерлердин көйгөйлөрү, суроолору (ККМди колдонуу, айып пул салуулар, ж.б. маселелер) талкууланып, ал боюнча тиешелүү органдардын жетекчилери түшүндүрмө беришти.

Белгилей кетсек, жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо органдарынын жана көзөмөлдөөчү органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 сандуу “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 07-декабындагы №388 сандуу “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыктарынын талаптарын аткаруу максатында уюштурулган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2024-жылдын 23-январындагы №2-К сандуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы №1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюуу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Көрсөтмөсү иштелип чыгып, прокуратура органдарына аткаруу үчүн жиберилген.