15.05.2024

Кароолор: (9)

БАТКЕН РАЙОНДУК ВЕТЕРИНАРДЫК БАШКАРМАЛЫГЫНА 100 ЖЫЛ

Бүгүн 15-майда Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын кесиптик майрамы белгиленди.

Ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков Баткен шаарынын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалиев жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Быйыл Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун буюругунун негизинде Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын ветеринардык сервиси Нуртилек Сыдыковко “Ардак грамота” тапшырылды.