31.08.2024

Кароолор: (12)

Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен Баткен калкын куттуктаймын!

Мындан 90 жыл мурда Баткен район катары түптөлүп, жаңыдан кадам таштаган. Азыркы учурда Кыргызстандын бир чоң облусуна айланып, облустун борбору катары Баткен шаары да түптөлдү.

Баткен району 1934-жылдан баштап Ош облусунун курамында административдик-аймактык бирдик макамына ээ болуп, өзүнчө район катары тааныла баштаган.

Ошол мезгилде Баткен районунун түзүлүшүнүн саясий мааниси абдан жогору болгон. Бул аймактагы геосаясий кырдаал абдан татаал, райондун аймагында экономикалык борборлор дээрлик жокко эсе болгон. Ошого карабастан, райондун кайратман калкы колхоздорду уюштуруу, сабатсыздыкты жоюу, кеңеш бийлигин чыңдоо багытында бир топ жаратмандык иштерди аткарышкан.

Баткен чөлкөмү Улуу Жибек жолунун бир бөлүгүндө жайгашып, орто кылымдарда кол өнөрчүлүк, соода тармагы күчтүү өнүккөн. Натыйжада, Кокон хандыгынын жана падышачылык Россиянын курамында болгон мезгилде да ал өлкөлөрдүн саясий жана экономикалык жактан өнүгүүсүнө таасирин тийгизе алган.

Чоң тарыхы бар Баткен районуна быйыл 90 жыл толуп, баарыбыз чогуу бул мааракенин күбөсү болуп турабыз.

Урматтуу баатыр Баткен эли майрамыңыздар менен!

Баткен шаарынын мэри

Имамназар Бурканов