25.11.2024
Кароолор: (7)
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫ 28-НОЯБРГА БЕЛГИЛЕНДИ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын 33-беренесине жана 2024-жылдын 17-ноябрь “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде:
1. Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышына партиялык тизме менен шайланып келишкен депутаттардын мандаттарын тапшыруу жана бекитүү;
2. Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын иштөө Регламентинин долбоорун бекитүү;
3. Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын төрагасын жана орун басарларын шайлоо;
4.Баткен шаардык жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын өткөрүүгө даярдыктарды көрүү жана өткөрүү.