28.02.2025
Кароолор: (9)
БАТКЕН ШААРЫ БОЮНЧА ИШЕМБИЛИК ӨТӨТ

1-2-март ишемби, жекшемби күндөрү Баткен шаарынын жалпы аймагында айлана-чөйрөнү тазалоо жана бак дарактарды отургузуу боюнча ишембилик өткөрүлөт.
Тактап айтканда мекеме ишканалардын катышуусу менен 1-март күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгына караштуу И.Жусубалиев көчөсүндө ишембилик, 2-март күнү Баткен шаарынын аймактык башкармалыктарында бак дарактарды отургузуу иш-чарасы өткөрүлөт.
Шаардагы жашоочулар өзү жашаган аймакта ишембилик өткөрүшөт.
Мектептер, балдар бакчалары жана ҮДБ, Оорукана өз аймактарында ишембилик өткөрөт.