12.03.2025
Кароолор: (19)
БАТКЕН ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУГА БАТМУ КАТЫШАТ

Баткен шаарын 2025-2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга Баткен Мамлекеттик Универстети катышат.
Бүгүн 12-мартта эки тараптуу жолугушууда Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев жана Баткен мамлекеттик Университетинин ректору Айдарбек Гыязовдор жетектеген топ шаарды өнүктүрүү боюнча талкуу өткөрдү.
Жолугушууда Баткен шаарынын 2025-2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу маселеси ортого салынды.
Шаарды көрктөндүрүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, ыңгайлуу инфраструктураны түзүү, өндүрүштү жандандыруу боюнча илимий көз карашта талкуу жүргүзүлдү.
Соңунда атайын жумушчу топ иш алып бараары белгиленип, мемарандум түзүүгө жетишилди.