03.03.2025

Кароолор: (672)

БАТКЕН ШААРЫНА ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН МЭР КЫЗМАТКА КИРИШТИ

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде Баткен шаарынын мэри болуп, Абыкеев Темирболот Асаналиевич дайындалды.

Бүгүн 3-март күнү Баткен шаарындагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана мэриянын кызматкерлерине жаңы дыйындалган мэрди Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков тааныштырды.