27.02.2025
Кароолор: (11)
БАТКЕН ШААРЫНДА 10 МИҢ КИШИГЕ ЫЛАЙЫКТАЛГАН СТАДИОНДУН КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ

Бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында жаңы стадиондун мезгил кутусу салынды.
Мезгил кутусун салуу иш-чарасы КФБнын Президенти Камчыбек Ташиев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.
Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 100 000 чарчы метрди түзүп, 10 000 көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр орун алатмакчы.
Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.
Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулуп, бул футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.
Футболдук инфратүзүмдүк объект Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу курулуп, облустун тургундары жана өзгөчө жаш муундун өкүлдөрү арасында дени-сак жашоо образын жайылтууга шарт түзөт.
Бул инфратүзүм объекти шаарга көрк кошуп, облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды кабыл алат.