25.12.2025

Кароолор: (42)

Баткен шаарында 2026–2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы иштелип чыгууда

Баткен шаарынын 2026–2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу максатында координациялык кеңеш түзүлдү.

2025-жылдын 25-декабрында аталган маселе боюнча жыйын өткөрүлүп, Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын болжолдуу планы талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан сын-пикирлер жана сунуштар айтылып, программаны өркүндөтүүгө багытталган ой-пикирлер кеңири талкууланды.

Ошондой эле, жыйындын жыйынтыгында коомдук уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, шаардык кеңештин депутаттарынан, жергиликтүү аткаруу бийлигинин тиешелүү адистеринен турган координациялык Кеңеш түзүлдү. Координациялык кеңеш программаны иштеп чыгуу, сунуштарды топтоо жана иш-чараларды макулдашуу багытында иш алып барат.

Бул программа Баткен шаарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана социалдык-экономикалык потенциалын кеңейтүүгө багытталат.

Жыйынга Баткен шаарынын мэринин орун басары А.Орозов, аппарат жетекчи М.Бегалиев, Баткен шаардык Кеңешинин катчысы  А.Алдашева, “Стимул” коомдук уюмунун Баткендеги координатору М.Абдрахманова, Аксакалдар сотунун төрагасы Х.Айкынов, аялдар кеңешинин төрайымы А.Ормонова, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү активисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышышты.

Жыйын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен уюштурулду.

https://drive.google.com/drive/folders/1fi7czS-A6tHVPG9k_G-irspUWHM7hyCt?usp=sharing