16.03.2024
Кароолор: (8)
Баткен шаарында 22:00 дөн кийин мыйзамдуу өкүлүнүн коштоочусуз жүргөн жашы жете электер аныкталды.
Баткен райондук прокуратурасынын демилгеси менен балдардын укугун коргоо максатында, “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча коомдук жайларда жашы жете элек балдардын түнкү убакта болуусуна тыюу салынган.
Кечээ 15-марттын түнүндө Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Баткен ШИИБнин балдар менен иш жүргузүүчү инспекторлору жана Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкы башкармалыгынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн адисинин катышуусунда рейд жүргүзүлдү.
Аталган рейддин жыйынтыгында Баткен шаарынын компьютердик клубтарынын биринде жашы жете элек балдар түнкү 22:00 кийин мыйзамдуу өкүлүнүн коштоочусуз жүргөндөрү аныкталып, ал боюнча түшундүрүү иштерин жүргүзүү менен ата энелерине өткөрүлүп берилип, тийиштүү протоколдор түзүлдү.