11.02.2025

Кароолор: (4)

Баткен шаарында 22:00 дөн кийин мыйзамдуу өкүлүнүн коштоочусуз жүргөн жашы жете электер аныкталды.

Балдардын укугун коргоо максатында, “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча коомдук жайларда жашы жете элек балдардын түнкү убакта болуусуна тыюу салынган.

Кечээ 10-февралдын түнүндө жүргүзүлгөн рейдте 22:00 кийин мыйзамдуу өкүлүнүн коштоочусу жок, жашы жете элек балдар аныкталып, ал боюнча түшундүрүү иштери жүргүзүлүп, ата энелерине өткөрүлүп берилип, тийиштүү протоколдор түзүлдү.