11.11.2025

Кароолор: (10)

БАТКЕН ШААРЫНДА 800 МИҢ СОМДОН АШЫК КАРАЖАТКА ЖАҢЫЛАНГАН ҮЙ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында жашоочу Имарбек Ражаповдун үйү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кайрымдуулук демилгесин Аталаган айылындагы “Абу-Бакир” мечитинин имамы Кожали Абазов көтөрүп чыгып, жергиликтүү жарандардын колдоосу менен 800 миң сомдон ашык каражат чогултулган.

Жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин алкагында үйдүн дубалдары жана чатыры жаңыланып, ичи-сырты толук оңдолуп, электр жана суу системалары орнотулуп, үй тиричиликке ыңгайлуу шарттар менен жабдылды.

Саамалыкка Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен шаар жана районунун баш имам-хатиби Саидакмат ажы Аппазов, Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын башчысы Абдимитал Бурканов, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышып, үй ээсине батасын берип, кайрымдуулук ишине салым кошкондорго ыраазычылык билдиришти.

Бул иш-чара аймактагы ынтымакты жана кайрымдуулук маданиятын чыңдоого багытталган үлгүлүү кадам катары бааланды.