09.05.2024
Кароолор: (13)
БАТКЕН ШААРЫНДА 9-МАЙ УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮ МАЙРАМДАЛДЫ

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдык майрамы алгач эстеликке гүлчамбар койуу менен башталды.
Майрамдык салтанатка Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, согуш учурунда оорукта эмгектенген ардагерлер жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин урматына арналып, куран окулду.
Майрамдык салтанаттын кийинки бөлүгү Баткен шаарындагы борбордук стадиондо уланды.
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов майрамдык салтанаттын расмий бөлүгүн ачып, шаардыктарды жана келген конокторду куттуктады.
“Мындан 79 жыл мурда бул жеңишти чоң аталарыбыз миңдеген чакырымдар алыста, фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу согушта, чексиз азаптарды, көптөгөн жоготууларды алтын баштарынан кечүү менен бизге тартуулашкан. Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, курал жарак жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүшкөн. Биз сиздер тартуулаган жаркын жашоону урпактарга татыктуу өткөрүүгө милдеттүүбүз”-деди.
Андан соң калаа башчысы сөзгө Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана 52870 Аскер бөлүгүнүн командири, Баткен горнизонунун башчысы полковник Таалайбек Жусубалиевдерди куттуктоо үчүн сөзгө чакырды.
Куттуктоолордон соң атайын оорукта эмгектенген ардагерлер үчүн тигилген чатырга жетекчилер барышты. Жеңиш майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук каалашты.
Эске сала кетсек Баткен шаары жана райондун аймагынан согушка 4 миңдей жоокер аттанган болсо ошонун 3028и кан майданда баатырларча курман болушкан. Ал эми согуштан аман келген 972 си тилекке каршы жылдан жылга акка моюн сунуп, азыркы күндө арабызда эч кимиси жок.
Ошол кан күйгөн согушта жоокерлерди жана элди азык түлүк менен камсыз кылып, оор шартта оорукта эмкектенген тылдын ардагерлеринин көпчүлүгү ааламдан өтүп кетти. Азыркы күндө Баткен шаарында Жаанбай Жороев жана Мамыт Садыковдор бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатат.