10.04.2024

Кароолор: (13)

БАТКЕН ШААРЫНДА АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛДУ

Быйылкы жылы Рамазан айынын орозо айт намазы жума намазы окулуп жүргөн мечиттерде окулду.

Эрте менен Баткен шаарындагы борбордук мечитте айт намазына чейин Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баян айтып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

Бүнкү орозо айт намазына Президенттин ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Буканов, Баткен районунун акими Учукунбек Жоробаев жана мекеме-ишканалардын жеткчилери катышып, жалпы момун мусулмандарды орозо айт майрамы менен куттуктап, Жараткандан жакшылыктарды тилеп, элге ырыс-ынтымак, бакубат жашоо каалашты.