03.12.2025
Кароолор: (8)
БАТКЕН ШААРЫНДА АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АКЦИЯСЫ ӨТҮП ЖАТАТ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын 2025-жылга карата иш-планына ылайык, республика боюнча 2025-жылдын 2–10-декабрь күндөрү “Адам укуктары күнүнө карата калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү” аттуу акция өткөрүлөт.
Баткен облусунда аталган акциянын алкагында Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары үчүн акысыз юридикалык консультациялар уюштурулат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратынын алдындагы аянтчада өтөт.

