28.12.2023

Кароолор: (14)

БАТКЕН ШААРЫНДА АЯЗ АТАГА КАТ ЖАЗГАН БАЛДАР СЫЙЛАНДЫ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жаны жыл алдынан белек алууну каалап, кат жазган шаардагы окуучуларга белек берди.

Сыйлык алган окуучулар Өлкө Президенти Садыр Жапаровко, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге, Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдорго өздөрү каалаган белектерди суранып кат жазышкан.

Шаар мэри Имамназар Бурканов сыйлык алууга келген балдарга кең келечек каалап, мыкты билимге ээ болуп, кыргызстандын керегине жараган уул кыздардан болуусун каалады.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин мэр балдар менен эстелик үчүн сүрөткө түштү.