23.12.2024

Кароолор: (5)

БАТКЕН ШААРЫНДА БАЛАТЫ ЖАНДЫРЫЛДЫ

Баткен шаарында 17 метр бийиктикте курулган жаңы жылдык балаты бүгүн жандырылды.

Балатынын жандырылышы Президенттин Баткен облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун куттуктоосу менен коштолду.

Калаа башчысы Имамназар Бурканов жалпыга келе жаткан жаңы жылда жакшылыктар көп болушун каалоо менен, балатынын жандырылышына старт берди.

Бүгүнкү балатынын жандырылышында майрамдык иш чара өткөрүлүп, шаардыктар жана конокторго арналган концерттик программа коюлуп, жалпы бий менен коштолду.