28.04.2024

Кароолор: (8)

БАТКЕН ШААРЫНДА БОЛГОН КОЙ КӨРГӨЗМӨДӨ 189 КГ САЛМАКТАГЫ КОЧКОР БИРИНЧИЛИКТИ АЛДЫ.

Бүгүн 28-апрель күнү Баткен шаарында эт жана май багытындагы куйруктуу койлордун Баткен аймактык көргөзмөсү өткөрүлдү.

Көргөзмөнүн ачылышына Баткен шаарынын мэринин биринчи орун басары Акылбек Орозов катышып, бүгүнкү өткөрүлгөн иш чаранын натыйжасында Кыргызстандагы койлордун асыл тукумун арттырууга салым болоорун белгилеп, сандан сапатка өтүү заман талабы экендигин айтты. Ошону менен бирге көрөзмөнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Баткен облусундагы кой чарбасынын координатору Манасбек Курбанбековдун берген маалыматына ылайык, эт жана май багытындагы куйруктуу койлордун көргөзмөсү Кыргызстан боюнча ар айда жети облустун аймактарында кезектешүү менен өткөрүлүп, ага кошна өлкөнүн чарбадарлары да катышаарын белгиледи. Бүгүн Баткен шаарында өткөрүлүп жаткан көргөзмөгө Казакстан жана Өзбекстандан атайын өкүлдөр чакырылгандыгын кошумчалады.

Көргөзмөнүн жыйынтыгы менен Ош облусунун Араван районунан келген Тургунали Максытовдун 4 жаштагы "Арашан" породасындагы кочкор биринчиликти камсыз кылып, кубок жана акчалай сыйлыкка ээ болду.

Биринчиликти алган кочкордун салмагы 189 килограмм чыгып, боюнун узундугу 1 метр 8 см болгон.